Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” айтымында, экстремизмдин алдын алуу максатында Ноокен, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад шаарындагы шектүү үйлөрдү тинтүү 31-декабарда дагы улантылды. Натыйжада “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү делген 17 кишинин үйү тинтилип, жалпысынан 150дөн ашуун экстермисттик маанайдагы китеп, баракчалар, флеш-карта, дисктер жана “Бекас-12” үлгүсүндөгү курал алынды. Алардын бардыгы текшерүү үчүн экспертизага жөнөтүлдү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ИИМдин 10-башкы башкармалыгы менен бирдикте экстремизмдин алдын алуу максатында шектүү үйлөрдү тинтүүгө алууда. Мындай иш-чаралар 3-январдан тартып башка облустарда да жүрөт. (КЕ)