Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Евразия экономикалык биримдигине төрагалык Казакстанга өттү

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары.

Казакстан 1-январдан тарта Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кыла баштады. Мындай чечим уюмга мүчө мамлекет башчыларынын узаган жылдагы акыркы жолугушуусунда - 21-декабрда кабыл алынган. Ага ылайык, эми казак президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык жогорку экономикалык кеңешти башкарат. Мындан тышкары 1-февралдан тарта уюмга мүчө өлкөлөр сунуштаган он министрден турган Евразиялык экономикалык комиссиянын жаңы курамы иштей баштайт.

2015-жылы биримдикке Беларус төрагалык кылып келген. 

Алгач Орусия, Беларус жана Казакстан ортосунда Бажы биримдиги деп негизделген уюм кийин кеңейип, Евразия экономикалык биримдиги болуп кайра түзүлгөн. Кыргызстан ага быйыл 12-августтан тарта толук мүчө болгон. Уюмдун курамында азыр беш өлкө: Орусия, Беларус, Казакстан, Армения жана Кыргызстан бар. 

 

XS
SM
MD
LG