Жаңы жылга карата “мыкты кооздолгон имарат” сыйлыгын Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония жеңип алды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында атайын административдик мекемелердин сырткы көрүнүшүн майрамга утурлай шөкөттөө боюнча сынак уюштурулган.
Атайын комиссия бир катар имараттын жасалгалоосун текшерүүгө алып, башкы жеңүүчү катары Улуттук филармонияны тандады. Бишкек шаардык мэриясы филармониянын жетекчилигин куттуктап, атайын сертификатты ыйгарды. (SDz)