Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Сауд Арабияда 47 адам өлүм жазасына тартылды


Cауд Арабияда терроризм жана туура эмес жолго жарандарды азгыргандыгы үчүн 47 адам өлүм жазасына тартылды. Алардын бири Египеттин, дагы бири Чад өлкөсүнүн жараны.

Өлкөнүн ички Иштер министрлиги маалымдагандай, өлүм жазасы өлкөнүн ар кайсы бурчунда ишке ашырылды.

Жазага тартылгандардардын арасында шииттердин таанымал диний үгүттөөчүсү Нимр ан-Нимр дагы бар. Ал 2011-жылы Сауд Арабиянын чыгышындагы шииттердин нааразылык акциясында негизги фигуралардын бири болгон. Ан-Нимр ар убак шииттерге каршы кысымга каршы чыгып келген. Бул өлкөдө шииттер калктын 15 пайызын түзөт.

Өткөн жылы Сауд Арабияда 157 адам өлүм жазасына тартылса, 2013-жылы бул көрсөткүч 90 адамды түзгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG