Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

ЕККУга төрагалык кылуу кезеги Германияга өттү


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна 2016-жылдан баштап Германия төрагалык кылаарын РИА Новости маалымдайт.

Өз кезегинде расмий Берлин “диалогдорду жаңылоо, коопсуздук жана ишенимди калыбына келтирүү” ураанын карманаары маалым болду. Төрагалыктын концепциясын 14-январда Вена шаарында Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер тааныштырат деп күтүлүүдө.

Германия акыркы жолу 1991-жылы ЕККУга төрагалык кылган. Берлин эо аралык уюмга төрагалык кылуу артыкчылыгын пайдаланып, Украина кризисин чечүү, ЕККУнун антикризистик мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну көздөп жатат.

ЕККУ – дүйнөдөгү ири уюмдардын бири. Анын катарында Орусия жана АКШ кирген 57 мамлекет бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG