Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:33

Кара-Кече ТЭСине март айында тендер жарыяланат


Өкмөт Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча тендерди ушул жылдын март айында жарыялайт. Бул тууралуу 2-январда Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштерин көргөнү барганда премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Өкмөттөн маалымдагандай, Кара-Кечени ишке киргизүү менен өкмөт бардык социалдык мекемелердин энергетика тармагын газ жана көмүргө өткөрүүнү пландап жатат.

Премьер-министр өлкөдөгү чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорго тез арада тендерлерди жарыялоо зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт Кара-Кече көмүр кенинен жылына 3,3 млн. тонна көмүр казып алуу талабын тендердин шартына киргизерин маалымдады. Казып алынган көмүрдүн көлөмүн Бишкек ТЭЦине да жеткирүүнү мерчемдөөдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG