Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Кумтөрдүн кызматкери кыргыз элинен кечирим сурады


Кумтөр алтын кенинин кызматкери делген Майкл Макфит аттуу социалдык түйүндүн колдонуучусу буга чейин жылкынын эти тууралуу жазган билдирүүсү үчүн кечирим сурады. Анын өздүк баракчасында:

"Мен учурдан пайдаланып кыргыз эли жана жылкынын эти тууралуу айтканым үчүн кечирим сурайм. Мен бирөөнү кемсинтейин деген ниетим жок болчу. Эгер ошондой кабыл алсаңар бардыгыңардан кечирим сурайм. Ошондой эле сүрөттөгү кишилердин менин жазгандарым боюнча эч байланышы жок. Дагы бир жолу кечирим сурайм" деп жазылган.

31-декабрда Майкл Макфит аттуу колдонуучу жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, дасторкондогу чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган.

Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышты. Ошол эле социалдык түйүнгө чыгып кеткен видеодо маалым болгондой, Кумтөрдүн кызматкерлери жетекчиликке кайрылуу жөнөтүп, Майкл Макфитти жоопкерчиликке тартууну сунушташууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG