Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Аксенов Крымдын энергетиктерине ачууланды


Крымдын башчысы Сергей Аксенов энергетиктердин чебердигинен күмөн санады. Бир апта мурун жарым аралдын энергетика жаатындагы адистерин мактаган Аксенов бүгүн “биздин адистер алдын ала божомолдогонду билбейт” деп кескин сындады.

“Крымэнергонун” жетекчиси Виктор Плакид жарым аралда 40 мегаваттка чукул электрэнергиянын таңсыктыгы пайда болгонун айтып, коомчулукка маалыматты ачык айтууну сунуштады.

Ал эми Крымдагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Сергей Садаклиев жарым аралда автономдуу эки миңдей жабдуу болсо, учурда иштеп жаткандардын саны жүзгө жетпей турганын айтты.

Крым 30-декабрдан бери жарыксыз жашап жатат. Херсон облусундагы электр өткөрмө линияларындагы авариядан улам, карагай-тирөөчтөр кулаган. Оңдоо иштери жүргөнүнө карабай, жарым аралга дагы деле электр энергиясы бериле элек. Украина бийлиги муну келишимдин мөөнөтүнүн бүткөнү менен түшүндүрүп келет.

Учурда Крымга өзүндө бар генератор, Орусиядан алып келинген жабдыктар жана Кубандагы энергокөпүрө аркылуу жарык берилүүдө. Бирок көпчүлүк тургундар электр энергиясы тең бөлүштүрүлбөй жатканына нааразы. (SDz)

XS
SM
MD
LG