Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Индияда аба базасына чабуул жасаган дагы эки согушкер өлтүрүлдү


Индиянын коопсуздук кызматы ишемби күнү чабуулга алынган Пенжаб штатындагы Патханкот авиабазасында эки согушкер жок кылынганын кабарлады.

Буга чейин базанын коопсуздук күчтөрү менен ал жакта бекинип алган эки жоочунун ортосунда атышуу жүрүп жатканы маалымдалган болчу. Согушкерлер ал жактан улам-улам ок чыгарып турушкан. Андан соң авиабазага кошумча күчтөр жөнөтүлгөн. Бул кол салуудан мерт кеткендердин саны он бир адамга жетти. Дагы бир нече аскер кызматкери алган жарааттан улам каза тапты.

Бул кол салууга катышы бар төрт согушкер жок кылынганы маалым болду. Индиянын маалымат каражаттары бул кол салууну кашмирлик согушкерлер тобу уюштурушу мүмкүн деп болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG