Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Аткаминер бала бакчанын курулушунан акча өөнөгөн деп айыпталууда


Башкы прокуратура Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетектөөчү кызматкерлерине жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 140 орундуу бала бакча курууга тендер жарыялаган. Бирок арзан бааны сунуштаган башка ишкананы "талаптарга жооп бербейт" деген негизде жаратпай, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу менен өз кызыкчылыктарына карап башка компания менен келишим түзгөн. Мындан мамлекет бюджети 5 млн. сомго жакын чыгым тарткан. Буга байланыштуу “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG