Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

5-январга карата аба ырайы


5-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0...+5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16 градус суук, күндүз -3…-13,

5-январда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус суук, күндүз 0…+2 жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG