Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Ош-Бишкек: Жол тыгынга байланыштуу окуяны УКМК текшерүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош-Бишкек жолунда тыгынга алып келген окуяны текшерүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-январда Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын тургундары Жаныш, Байыш Ниязовдор улуттук улак оюнун уюштурган. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген чабандестер кошулуп, болжол менен 3 миңдей адам катышкан. Натыйжада стратегиялык Бишкек-Ош жолунда бир нече чакырымга созулган тыгын жаралып, айрымдар учак каттамынан кечигип калышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, спорттук оюн Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде өткөн. Анын байгесине 20 төө, 20 бука, 5 машина коюлган.

Учурда уюштуруучулар жана трассанын тынымсыз иштешине жооптуу кызматкерлердин үстүнөн текшерүү иш-чаралары жүрүүдө. Жыйынтыгында керектүү материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG