Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Жапониянын премьер-министри Путинди тынчтык келишимин талкуулоого чакырды


Жапан министрлер кабинетинин жыйыны.
Жапан министрлер кабинетинин жыйыны.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишими боюнча саммитти өткөрүү туурасында оюн билдирди. “Биз экөөбүз тең экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жетимиш жыл өткөнүнө карабастан тынчтык келишими жок экендиги жакшы эмес экенин түшүнөбүз”, – деп билдирди Синдзо Абэ жаңырган жылда Путиндин Жапонияга расмий иш сапары тууралуу суроого жооп берип жатып.

“Түндүк аймактары тууралуу көйгөйдү жогорку деңгээлдеги жолугушуусуз чечүүгө мүмкүн эмес”, – деп кошумчалады жапон өкмөт башчысы. Ошондой эле Абэ Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы аракетин кубаттоо менен Москва терроризм менен күрөшүүдө конструктивдүү ролду ойноп жатканын айтты. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң бардык Курил аралдары СССРдин курамына киргизилген. Бирок Жапония Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдар тобу ага таандык экенин талашып келатат.

Бул аралдарга орусиялык аткаминерлердин келип-кетиши дайыма Жапониянын нааразылыгын жаратып келген. Соңку ирет премьер-министр Дмитрий Медведев былтыр жайында ал жакка барган. Жапониянын тышкы иштер министри бул визитке байланыштуу Москвага баруудан баш тарткан. Жапон өкмөтү талаштуу аймактарга жасалган иш-сапарлар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогго кедергисин тийгизе турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG