Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Сауд Арабия менен Ирандын чатагы курчуган шартта мунайдын баасы көтөрүлдү


Ирандагы нааразылыктар. Тегеран, 3-январь, 2016-жыл.
Ирандагы нааразылыктар. Тегеран, 3-январь, 2016-жыл.

Жакынкы Чыгыштагы саясий чыңалуунун шартында дүйшөмбү күнү мунайдын дүйнөлүк баасы өсө баштаганын көргөздү. Лондон биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2,5 пайызга өскөн. Мунайдын бир баррели 38,2 АКШ доллары болсо дүйшөмбү күнү 38,5 долларга чыкты.

Нью-Йорктогу биржада WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы эки пайызга көтөрүлүп, анын бир баррели 38,4 долларга жетти. Бирок дүйшөмбүнүн таңына карата кайра 38 долларга түшүп кетти.

Эксперттер мунайдын баасынын өсүшүн Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамиленин үзүлгөндүгүнө байланыштырууда.

2015-жылы декабрь айында Brent үлгүсүндөгү бир баррель мунайдын баасы 36,2 долларга чейин түшүп кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG