Кабулдун аба майданына жакын жердеги полиция тосмосуна келген жанкечти өзүн өзү жардырып жиберген. Ал жерде жанкечтинин өзүнөн башка эч ким жабыркаган эмес.
Полициялар автоунаасы менен көзөмөл-өткөрмө жайына келип токтогон шектүү адамдын жүрүм-турумун байкап калган. Анын автоуунасына полиция жакындап баратканын көрүп калган жанкечти белине байланган жардыргычты ишке киргизген.
Жардыруу Ооганстан бийлиги быйыл 11-январда Пакистанда “Талибан” кыймылы менен жарашуу тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөр баштала турганын жарыялагандан кийин болуп отурат.