Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Өкмөт башчы “Көчмөндөр оюндарын” жакшы даярдоону тапшырды


Дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарынын" ачылыш аземинде көрсөтүлгөн "жалындуу чабандес".
Дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарынын" ачылыш аземинде көрсөтүлгөн "жалындуу чабандес".

Премьер-министр Темир Сариев бүткүл дүйнөлүк экинчи “Көчмөндөр оюндарын” өткөрүү үчүн даярдыкты күчөтүүнү Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырды. Өкмөт башчынын 4-январда берген тапшырмасына ылайык, жумуштар 15-августка чейин бүтүшү керек.

“Көчмөндөр оюндарынын” экинчиси быйыл күзүндө Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.

Ат майдан 10 миң көрөрманга ылайыкталат. Андан сырткары, 40 кишилик VIP-трибуна жана унаа токтоочу жай курулат. Бул үчүн тийиштүү каражат бюджеттен бөлүнөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Биринчи “Көчмөндөр оюндары” 2014-жылы өтүп, 19 мамлекеттен 400дөн ашуун спортчу катышкан. Аны өткөрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданы эки ай ичинде шашылыш оңдолган. Бирок ага бөлүнгөн каражатты пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталып, курулушту жүргүзгөн “Темир канат” ишканасына кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG