Бүгүн арстанбаптыктар милициянын тинтүүсүн токтотуу талабы менен айыл борборуна чогулушту. Тынч митингге болжол менен 300-500гө жакын киши чыкканы айтылууда. Алар милициянын үйлөрдү эскертүүсүз тинтүүгө алып жатканына нааразы пикирлерин айтышты. Жыйынга айылдын имамы катышты. Ушундай эле талап менен 100дөй киши кечээ, 4-январда Базар-Коргон райондук акимчиликтин алдына чыгышкан. Чогулгандар район бийлигине кайрылып, милициянын бул аракетине укуктук баа берүүнү суранышкан.
30-31-декабрь күнү облустук ички иштер башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгы менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бир топ далил буюмдар табылып, теологиялык экспертиза дайындалганын облустук милициядан билдиришти.
ИИМ экстремизм, терроризмди алдын алуу максатында мындай иш-аракеттер Жалал-Абаддын башка айылдарында жана бардык облустарда өтөрүн билдирген. (RsK/КЕ)