Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Австралияда крикет оюнчусуна журналист кызга тийишкени үчүн жазана салынды


Вест-Индиянын крикет боюнча курама командасынын оюнчусу Крис Гейл өз жанынан Melbourne Renegades Twenty клубуна 10 миң австралиялык доллар өлчөмүндө жазана төлөдү. Анткени ал спорт телеканалынын түз эфиринде журналист кызды жолугушууга чакырган. Бул окуя жекшемби күнү түз эфир учурунда болду.

Журналист кыздын суроолоруна Гейл күтүүсүздөн эле ойноп жооп бере баштаган. “Сенин көздөрүңдү биринчи көргөндө эле жагымдуу экен, оюндан кийин бир нерсе ичкени бир жакка бараттырбыз, кызарба бийкеч”, деп оюнчу журналист кызды тамашалаган. Анын айткандары социалдык тармактарда ызы-чуу жаратты. Андан соң телеканал өткөргөн оюн тууралуу BBL лигасы Гейлдин сөзүнө комментарий берип, анын жүрүм-туруму жана айтканы орунсуз экенин эскерткен.

Крис Гейл кечирим суроого мажбур болуп, ал болгону журналист кызды тамашалагысы келгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG