Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Индиянын консулдугуна кол салгандар жок кылынды


Ооган коопсуздук күчтөрү Индия консулдугун бошотуу операциясында, 4-январь, 2016-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү Индия консулдугун бошотуу операциясында, 4-январь, 2016-жыл.

Ооганстан бийлиги Мазари-Шариф шаарындагы Индиянын консулдугуна кол салгандар жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу 4-январдын кечинде атайын операцияны жетектеген Балх провинциясынын губернатору Атта Мохаммад Нур маалымдады.

Жергиликтүү полициянын жетекчиси Сайед Камал Садат 24 сааттан ашык убакытка созулган атайын операциянын жүрүшүндө чабуул койгон 4 согушкер тындым болгонун кошумчалады. Куралчан бир нече киши консулдуктун имаратына жекшембиде кирүүгө аракеттенишкен. Балх чөлкөмүнүн администрация өкүлү «Азаттыктын» ооган кызматына айтып бергендей, операция учурунда бери дегенде 2 аскер окко учту, жарадар болгон 3 карапайым киши жана 6 жоокер ооруканага жеткирилди. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG