Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

“Жарайт city” берүүсүн орусиялык телеканалдар көрсөтө баштады


Кыргызстандык жаш чыгармачыл топ тартып жаткан «Жарайт City» юмордук теледолбоору мындан ары Орусиянын «ТНТ-Азия» жана «Пятница» телеканалдарында көрсөтө баштады. Бул тууралуу аталган долбоордун продюcсери Асхат Табалдиев “Азаттыкка” билдирди:

-Долбоорду аталган каналдарга өзүбүз сунуштадык. 1-январдан тарта бейшемби, жума күндөрү көрсөтүп жатышат.

«Жарайт City» берүүсүндө жашоодогу окуялар 2-3 мүнөттүк тасмаларда куйкум сөздөр менен сүрөттөлөт. Ролдорду кыргызстандык жаш актерлор ойнойт. Өткөн жылы башталган долбоордун биринчи сезонунда 12 тасма даярдалып, жергиликтүү каналдардан эфирге берилген. Экинчи сезону 2016-жылдын жайында тартылат. (SE)

XS
SM
MD
LG