Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Муфтият жол тосуу күнөө болорун ырастаган билдирүү таратты


Өзгөндөгү улак тартыштан чыккан жол тыгын, 3-январь, 2016-жыл.
Өзгөндөгү улак тартыштан чыккан жол тыгын, 3-январь, 2016-жыл.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жол тосуу ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири экени тууралуу билдирүү таратты. Анда жол жалпы элдик байлык экени айтылып, аны атайын бууп коюу же болбосо өз кызыкчылыгын ойлоп жол тыгынын пайда кылуу туура эместиги белгиленет. Ар бир адам жолдогу таш же башка таштандыны четке чыгарууга милдеттүү экени хадистердин жана Курандагы сүрөлөрдүн мисалында көрсөтүлүп, жүргүнчүлөр бири бирин урматоосу зарылдыгы айтылат.

3-январда Өзгөндөгү улак тартыштын айынан Бишкек-Ош жолунда 10 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгон. Билдирүү ушундан улам жасалганын муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстанда түрдүү саясий өнөктүктөрдө же болбосо кай бир белгилүү адамга кылмыш иши козголгон учурда жарандар жол тосууга чыккан окуялар адатка айланып, 2013-жылы мындай жорук үчүн жазаны катаалданткан мыйзам кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG