Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттөн жаракат алган адамдар болгон жок. Кара-Балта шаарында электр приборлорунун коопсуздугу сакталбагандан улам, үйдүн чатыры өрттөнүп кеткен. Кызыл-Кыя шаарында да турак-жай өрттөнүп, андагы тиричилик техникасы, эмеректер күйүп кеткен. Таласта мештин туура эмес курулганына байланыштуу от жагылуучу бөлмө өрттөнгөн.
Кочкордо болсо 850 түк чөп күйүп кетти. Райондун Кара-Күнгөй айлындагы бул өрттүн себеби аныкталууда.(ZKo)