Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Улуттук гвардияда үч миң, Чек ара кызматында алты миң чамалуу аскер бар


Жогорку Кеңеш 6-январда жарандардын аскерге милдеттүүлүгү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, аскердик милдетин альтернативдүү түрдө өтөгөндөрдөн алынуучу акынын 10% Улуттук гвардиянын атайын эсебине которулмакчы.

Талкуу учурунда “Республика – Ата-Журт” партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев акча мурда чек ара кызматына берилип келгенин билдирди. Анын айтуусунда, аскердик милдетин альтернативдүү түрдө өтөгөндөрдөн алынуучу акынын 20% чек арачыларга берилип келген. Эл өкүлү эми анын 10% Улуттук гвардияга берүү канчалык туура болоруна кызыкты.

Улуттук гвардиянын колбашчысы Мелис Сатыбалдиев депутатка жооп кылып, Улуттук гвардияда үч миң чамалуу, ал эми Чек ара кызматында алты миң чамалуу аскер бар экенин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG