Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Бир тууган наристелер чоң энесинен запкы жеген деп шектелүүдө


Зомбулукка каршы акция.
Зомбулукка каршы акция.

Балдардын апасы Жазгүл Ыдыева наристелерди чоң энеси кыйнаган деп “Азаттыкка” билдирди:

- Үч жарым жаштагы уулум менен алты жаштагы кызым күздөн бери айылда, чоң атасы менен өгөй чоң энесинин колунда болчу. Ошондон бери кызым менен уулумду сабап, сууктун күнүндө сарайга жылаңач камап койчу экен. Муну жаңы жылдан кийин барып, кызымды алып келгенимде билдим. Эми жазасын алсын.

Жазгүл Ыдыева бул окуяга байланыштуу ишти Жумгалдагы милиция эмес, Бишкектеги милиция тергесе деген оюн да кошумчалады.

Кечээ Тез жардам аркылуу Бишкектеги №3 ооруканага үч жана алты жаштагы бир туугандар алып келинген. Үч жаштагы баланын денеси көгала, жамбашы күйгөн, алты жаштагы кыздын да денеси көгала, колу күйгөн. Балдардын ата-энеси муну чоң энеси кылган деп айыпташууда.

Азырынча бул боюнча балдардын чоң энесинин пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул иш боюнча алгач иликтөө жүргүзгөн Октябрь райондук милициясы иш Нарын облустук ИИБне өткөрүлүп берилерин маалымдаган.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG