Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Өкмөт орус медиасына өзгөчө макам берүүнү сунуштайт


Орусия
Орусия

Орусиянын “Биринчи канал: бүткүл дүйнөлүк желе” жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам берүү боюнча кыргыз-орус макулдашуусу коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ишке ашырууда. Бул эмне деген өзгөчө макам? Буга чейин да башка мамлекеттердин медиамекемелерине ушундай макам берилгенби?

“Азаттык” радиосунун суроолоруна маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары, аталган долбоор боюнча жооптуу Айнура Темирбекова жооп берди.

“Азаттык”: Орусиянын эки каналына өзгөчө макам берүү сунушталып жаткан экен. Бул эмне деген өзгөчө макам?

Темирбекова: Кыргызстан санариптик системага өткөн соң “Биринчи канал” менен “Россия РТР” көрсөтпөй калган. Мындан улам бизге элден аябай көп суроо түшүп, каналдар эмнеге жоголуп кеткенин сурашкан. Ошондо Орусиянын Байланыш жана коммуникация министрлигинин өкүлү келип, сүйлөшүү өткөрүп, меморандум түзгөнбүз. Алар бизге аталган каналдардын контенттери тууралуу айтып беришкен. Орусия аталган эки каналдын контенттерине жылына 3 миллиард доллар коротот экен. Башка мамлекеттердин баары сатып алат. Кыргызстанга гана акысыз сунушташат. Ошондуктан, аларга өзгөчө макам беришибиз керек.

“Азаттык”: Өзгөчө макам берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

Темирбекова: Алар бизге 3 миллиард долларлык контентти акысыз берип жатканы үчүн аны өлкө аймагында таратууга милдеттенме алганбыз. Меморандумдун экинчи этабында макулдашуу түзүлүп, кол коюлат. Азырынча коомдук талкууга чыкты. Эч ким кол коё элек.

“Азаттык”: Коңшу Казакстанда жана башка мамлекеттерде Орусиянын каналдарын азайтуу аракети жүрүп жаткан кезде Кыргызстандын бул кадамын кандай түшүнсө болот?

Темирбекова: Бул сиздин чечмелөөңүз. Биз макулдашуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ага кол коюла элек. Коомдук талкуудан өтсүн. Жарандар арасында кандай реакция болсо, ошого жараша бир чечим кабыл алынат.

“Азаттык”: Жарандар арасында сын-пикирлер азыртадан эле болууда. Муну Орусиянын саясатын жайылтуу катары баалагандар бар...

Темирбекова: Мен бизге түшкөн маалыматтарга гана таянам. Бизге орус каналдары көрсөтпөй калганы тууралуу көп кайрылышкан. Ошондуктан, экинчи мультиплекстин ичине камтылды. Азыр санарипте Орусиянын, Кыргызстандын каналдарын акысыз көрүшөт.

“Азаттык”: Бирок кабелдик берүүлөр аркылуу Орусиянын каналдарын көрүүдө маселе жок эмеспи. Мындай муктаждык канчалык маанилүү...

Темирбекова: Эмне үчүн зарылчылык жок деген ойду айтып жатасыз? Орусия 3 миллиард доллар коротуп, анан акысыз берип жатса, ойлонушубуз керек да.

“Азаттык”: Орусиядан башка мамлекеттердин каналдарына өзгөчө макам берүү болгонбу буга чейин?

Темирбекова: Жок, болгон эмес. Сиз жана биз кытай тилин түшүнбөйбүз, түркчө билбейбиз. Аларга өзгөчө макам берүү зарыл эмес. Орусия менен мурдатан стратегиялык өнөктөш болгонубузга байланыштуу алардын каналдарын көрүп көнүп калганбыз. Бизге акысыз берип атат. Бул деген азырынча долбоор.

“Азаттык”: Коомдук талкуу канчага созулат?

Темирбекова: Январда башталды, эреже боюнча 30 күн талкууланат.

Кыргызстан орус каналдарына өзгөчө макам берүүнү көздөп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

P.S: Адистер эгер орус каналдарына өзгөчө макам берилсе, Кыргызстандын аймагында алардын коммерциялык ишмердиги кеңейерин айтууда. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгын биргелешип даңазалаган пропагандалык долбоорлор көбөйөт.

XS
SM
MD
LG