Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

ИМдин мунай өндүрүшү кыскарды


Сирия менен Ирактын аймагынын бир канча бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШ баштаган эл аралык коалиция аба соккулары бул топтун мунай өндүрүүсүн 30 пайыздай кыскартканын кабарлады. Коалиция өкүлү, полковник Стив Уоррен 6-январда акыркы үч айда топтун мунай өндүрүүчү жайларына 65 сокку урулганын, бул өндүрүштү күнүнө мурдагы 45 миң баррелден 34 миң баррелге чейин азайтканын билдирди.

Аталган топтун согушкерлери мунай аткезчилигинен тапкан пайдасын өз операциялары үчүн колдонуп келген.

Уоррен ошондой эле өткөн айдагы аба соккуларынан Сирия менен Иракта эки жарым миңдей согушкер тындым болгонун да кошумчалады. Анын эсебинде, бул эки өлкөдө экстремисттик топтун согушкерлери 20 миңден 30 миңге чейин жетет.

Мунун алдында полковник өткөн жылы аталган топ Иракта ээлеп алган аймагынын 40, Сирияда 20 процентинен кол жууганын билдирген.

XS
SM
MD
LG