Германиянын Баден-Баден шаарында белгилүү француз композитору жана дирижер Пьер Булез 6-январда 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркум француз музыкасынын көрүнүктүү ишмерлеринин бири катары таанымал болчу.
Ал бир топ убакыт Нью-Йорктогу филармониялык оркестрди, Британиядагы Би-Би-Си корпорациясынынн симфониялык оркестрин жетектеген. Андан сырткары, Франциядагы Акустика жана музыкалык координация изилдөө иниститутун башкарган.
Бир канча жолу музыка чөйрөсүндөгү абройлуу “Гремми” сыйлыгын алган. (SE)