Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Алайда классташынын бычагынан бир окуучу каза болду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өткөн жылдын 30-декабрына караган түнү Алай районунун Курманжан-Датка мектебинде 11-класстын окуучусу Жылдызбек уулу Байазан классташынан бычак жеп, каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ошол күнү 11-класстын дагы бир окуучусу Рыспаев Байтур ата-энесинин үйдө жоктугунан пайдаланып, досторун үйүнө жаңы жылдык кечеге чакырган. Алкоголдук ичимдик ичип, мас болгон окуучулар мушташып, натыйжада Жылдызбек уулу Байазандын белине үч жолу, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылган. Бала кансырап, ооруканага жетпей жолдо көз жумган.

Окуя Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылында болгон.

Бул окуя боюнча Байтур Рысбаев кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.(YI)

XS
SM
MD
LG