Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Мунайдын дүйнөлүк баасы 32 долларга түштү


Кытайдын фондулук рыногундагы арзандоонун жана АКШнын мунай запасынын өсүү шартында мунайдын дүйнөлүк баасы кескин төмөн түштү. Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели бейшемби күнү Москва убактысы боюнча түшкө жакын 32 доллар 26 центтен сатылды. Бул 2004-жылдан берки мунайдын баасынын эң төмөнкү көрсөткүчү.

Аналитиктер алдыдагы он күндө мунайдын баасы дагы 30 долларга чейин түшүшү мүмкүн экенин болжолдошууда. Мунайдын баасынын чукулунан ылдыйлоосу Кытайдын фондулук рыногунда баалуу кагаздардын наркы 7 пайызга чейин арзандап, алды-саттыны токтотууга мажбур болушкан. Ошондой эле мунайдын баасынын түшүшүнө АКШда көмүр кычкыл газынын запасы табылганы тууралуу маалымат таасир эткен.

XS
SM
MD
LG