7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев православдарды 7-январдагы Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады.
Бишкекте, Ошто, Караколдо жана башка шаарларда правослоав христиандар чиркөөлөргө чогулуп, майрамдык жөрөлгөлөрдү жасашты.
Кыргызстанда ортодокс христиандар элдин 10% түзөт, тагыраак айтканда, өлкөдөгү орус, украин, беларус улутундагылардын басымдуу бөлүгү православдар.(ZKo)