Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Аба ырайы: 8-январда айрым аймактарда кар жаайт


8-январда түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолорго кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 15 - 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5 градус жылыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4 градус жылуу болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6 градус жылыйт.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүзү 1…6 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөйт

8-январда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаайт, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 - 7 метрге жетет.

Абанын түнкү температурасы - 1…+1, күндүз + 2…+4 жылуу болот.

XS
SM
MD
LG