Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

IDA уюму Кыргызстанда да айдоочулук күбөлүгүн бере баштады


Эл аралык айдоочулар ассоциациясы (IDA) 2015-жылдын соңунан тарта Кыргызстанда да расмий айдоочулук күбөлүктөрүн бере баштады. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында кабарланды. Маалыматка караганда, документ улуттук айдоочулук күбөлүккө тиркеме болуп эсептелет. Аны алган айдоочу эл аралык конвенциянын негизинде чет мамлекеттерде да өз унаасын айдаганга укуктуу. Эл аралык уюмдун расмий күбөлүгүн алууга кошумча сынак тапшырылат.

2011-жылдын 29-мартындагы Вена конвенциясына ылайык, тиркемеси жок улуттук күбөлүктөр башка өлкөдө күчкө ээ эмес.

XS
SM
MD
LG