Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Беларус Израилдеги элчилигин жабат


Беларус герби.
Беларус герби.

Беларус бийлиги Израилдин Минскидеги элчилигин жабуу чечимине жооп иретинде Тель-Авивдеги дипломаттарын чакыртып алмай болду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Дмитрий Мирончик билдирди.

“Израил кабыл алган чечимден улам биз да ал жактагы элчилигибизди жапканга мажбурбуз”,- деген Мирончик Тель-Авивдин ката иш жасаганын кошумчалады.

Ал арада Израил Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Эммануэл Нахшон бюджетти үнөмдөө максатында Минскидеги элчиликти жабуу чечими кабыл алынганын, бирок ал качан ишке ашары анык эместигин маалымдады. Анын айтуусунда, Минскидеги дипкорпусту 2016-жылдын аралыгында жабуу гана пландалган.

Өткөн жылдын август айында Израил премьер-министри Бинямин Нитаняху жети мамлекеттеги элчиликтер жабыларын билдирген.

2015-жылдын ноябрь айынан тарта эки мамлекет ортосунда визасыз режим киргизилген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG