Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Ватикан кудайдын карикатурасы үчүн Charlie Hebdo журналын сындады

Charlie Hebdo журналына чыккан кудайдын карикатурасы.
Charlie Hebdo журналына чыккан кудайдын карикатурасы.

Желкесинде Калашников автоматын илип, качып бараткан кудайдын сөлөкөтү тартылган карикатураны басып чыгарганы үчүн Франциядагы Charlie Hebdo журналын Ватикан сындады. Osservatore Romano гезити сүрөттү ар кыл диндегилерге акаарат келтирүү деп сыпаттады.

Charlie Hebdo журналынын кудайды шакабалаган саны 6-январда чыккан. Басылманын бул саны 2015-жылдын 7-январында редакцияга исламчыл согушкерлер кол салган окуянын бир жылдыгына арналды. Ал кандуу окуяда 12 киши көз жумган эле. Чабуулду “Ал-Каида” террористтер уюму жасаганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG