Бул мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат. Ал эми 2016-жылы азыркы чакырылыштагы парламент 60 млн. сомдон ашуун бюджеттик каражатты үнөмдөшү күтүлүүдө. Мунун ичинде эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, иш сапарлар жана унаа чыгымдарынан үнөмдөлүүчү каражат бар.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы чакырылыштагы айрым фракциялар депутаттарга берилүүчү үй, унаа жана бирден жардамчыдан баш тартарын жарыялашкан.(ZKo)