Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Санэпидемиология: Ботулизмге байланыштуу Кочкордо 24 дүкөн текшерилди


Санитардык эпидемиологиялык департаменттин санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, текшерүү учурунда 1 литрлик 134, 700 граммдык 124 банка консерваланган азыктар сатыктан алынды. Учурда алар атайын экспертизадан өткөрүлүүдө. Адамдардын уулануусуна алып келген азык боюнча толугураак маалымат үч күндөн кийин белгилүү болот.

6-7-январь күндөрү Тогуз-Тородо жана Кочкордо 22 киши консерваланган азыкка ууланган. Алардын ичинен экөө Тогуз-Тородон Бишкектеги ооруканага жеткирилип келе жатып, жолдо каза тапкан. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бул иш боюнча министрлик да иликтөө баштаганын, эгерде дарыгерлердин шалаакылыгы аныкталса, жоопко тартыларын белгиледи.

Өткөн жылы Кыргызстанда ботулизм боюнча 140 учур катталган. Андан 349 адам жабыркап, алты киши набыт болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG