Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

ИМ согушкери эл көзүнчө өз энесин атып салды


Сирия -- "Ислам мамлекети" тобунун согушкери. Ракка, 30-июнь, 2015. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Сирия -- "Ислам мамлекети" тобунун согушкери. Ракка, 30-июнь, 2015. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкери өз апасын террорчулар ээлеп алган Ракка шаарынан бирге качып кетүүнү жана согушкерлердин катарынан чыгууну суранганы үчүн өлтүрдү. Сириялык укук коргоочулардын айтымында, 20 жаштагы Али Сакр ал-Касем алгач апасы Ленаны өзү кармап келген. Согушкерлер энени ишенимден кайтканы үчүн айыптап, камакка алган. 7-январда Али Сакр апасын Раккадагы өзү иштеген почта имаратынын жанына топтолгон элдин алдына алып чыгып атып салган.

Өз уулунун колунан ажал тапкан 45 жаштар чамасындагы бул аял кошуна Табага шаарында жашаганы менен Раккадагы почтага келип-кетип иштечү экен.

Сириялык активисттер интернеттеги социалдык тармактарга тараткан бул маалыматты башка булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюмунун билдиришинче, аталган экстремисттик топ Сириянын бир канча аймагын басып алып, халифат курууну жарыялаган 18 айдан бери эки миңден ашуун жайкын адамды ар кандай айып менен эл көзүнчө өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG