Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ливиядагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Ливия -- Злитандагы жардыруудан кийин. 7-январь, 2016
Ливия -- Злитандагы жардыруудан кийин. 7-январь, 2016

Ливиянын батышындагы Злитан шаарында полициянын даярдоо борборуна жасалган чабуул үчүн бүгүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик аларын жарыялады. Кечээки бул чабуул элүүдөн ашуун өмүрдү алып, жүздөн ашуун кишини жарадар кылган эле. Ливия бийликтери бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Террорчулар 7-январда полициянын даярдоо борборуна жакын жерге жардыруучу затка толгон машинени токтотуп, ал сырттан жардырылганы кабарланган.

Мындан сырткары 7-январда бир жанкечти миналанган унааны Ливиянын түндүгүндөгү ири мунай порту Рас-Лануфтун кире беришиндеги көзөмөл бектинде жардырып жиберген. Андан кеминде 6 киши жан таслим болгон эле.

XS
SM
MD
LG