Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Жалал-Абадда 2 млн. сомдук курут жана жаңгак уурдагандар кармалды


Шаардын борбордук базарындагы кампалардан 21 мүшөк кургатылган курут жана 2 тонна жаңгак уурдагандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын башчысы Мелис Шералиев “Азаттыкка” билдирди.

14-15- декабрь күндөрү түнкүсүн базардагы соодагерлер 2 млн. сомдук товарларын уурдатып жиберишкен. Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун жана Ош облусунун эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын жанынан 50 миң сомдон ашуун акча жана БМВ, "Дэу Матиз" үлгүсүндөгү автоунаалар алынды. Келтирилген чыгымдарды кайтаруу иштери жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG