Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинде жана “Аскер курулуш” компаниясында иштеген жооптуу кызматкерлер жасаган мыйзам бузуулар боюнча ишти тергөөнү улантууда. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, каржылык чарбалык иштер боюнча аудит жүргүзүү тапшырмасы Эсеп палатасына берилди. Мындан сырткары соттук-курулуш экспертизасы жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында кылмыш ишке катышы болгон министрликтин жана “Азия курулуштун” жетекчилерине юридикалык баа берилет.
Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Коргоо министрлигинде дагы бир коррупциялык схема бар экенин аныктаган.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акча “Аскер курулуш” аркылуу жеке ишканаларга берилип, жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылып кеткен. Мындан өлкө бюджети 10 млн. сомдой чыгымга учураган. Буга байланыштуу мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Куваныч Колхожоевге, министрликтин жооптуу кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу, өз пайдасына коротуу” беренелеринин негизинде үчүнчү кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда. (КЕ)