Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

“Таксичи депутат” долбоору башталды


"Парламент такси" долбоорунун алгачкы катышуучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев
"Парламент такси" долбоорунун алгачкы катышуучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев

Ар апта сайын бирден эл өкүлү көчөдөгү элди акысыз ташып, кызмат кылмай болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Парламент такси” теледолбоорун баштады. Бул долбоордун алкагында мыйзам чыгаруучулардын бирөөсү рулга отуруп, каалоочуларды бекер үйүнө жеткирип, жолдон алар кызыккан суроолорго жооп берет. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалымдоосу боюнча, бул берүү ишемби күнү кечинде Коомдук телеканал аркылуу чыгат. Алгачкы катышуучусу депутат Узарбек Жылкыбаев таксини өзү айдап, Баткендин Лейлек аймагынан келген эки чоң апаны “Пригородный” дачасындагы кызынын үйүнө жеткирип койду. (BCh)

XS
SM
MD
LG