Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Мексика №1 наркобарон атыккан Гусманды АКШга өткөрүп берет


Наркобарон Хоакин Гусманды полиция алып баратат
Наркобарон Хоакин Гусманды полиция алып баратат

Мексиканын Башкы прокуратурасы "Эль Чапо" (Коротышка) деген каймана ат менен таанымал номур биринчи наркобарон Хоакин Гусманды АКШга экстрадициялоо иштерин баштады. Маалыматка караганда, Америка бийлиги Гусманды өткөрүп берүү өтүнүчү менен 2015-жылы кайрылган.

Гусман Мексиканын түндүк-батышындагы Лос Мочис шаарында атайын операция маалында укук коргоо органдарынын көзүнө илинген. Кармоо учурунда ал полициядан жашынып, жер алдындагы тоннель аркылуу качып кетүүгө үлгүргөн. Кийин ал үйүн таштап качып баратканда өзүнүн машинасынан кармалган. Анын камалганын 8-январда өлкө президенти Энрике Пенья Ньето жарыялаган эле.

Мексикадагы номур биринчи наркобарон Хоакин Гусман өткөн жылдын июль айында экинчи ирет күчөтүлгөн режимдеги түрмөдөн качып кеткен.

Гусман баштаган топ АКШга кирген мыйзамсыз маңзаттын көп бөлүгүн көзөмөлдөйт. Аны коопсуздук күчтөрү 2014-жылдын февралында колго түшүрүшкөн. Наркобарон 2001-жылдан бери издөөдө жүргөн жана анын кармалышы маңзатка каршы күрөштөгү ийгилик катары бааланган. Ал алгач ирет түрмө кызматкерлерине пара берип, кир кийим салган челектин жардамы менен качып чыккан. Forbes журналы анын бар мүлкүн миллиард долларга баалаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG