Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Ош: соттук-медициналык экспертиза мекемесине кылмыш иши козголду


Кара-Суу райондук милициясы Ош облусттук соттук-медициналык экспертизасына автокырсыктан каза болгон балдар боюнча жалган корутунду чыгарган деген негизде кылмыш ишин козгоду. Буга бир жыл мурун автокырсыктан каза болгон балдардын денелерин кайра текшергенде чыккан жаңы жагдайлар себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук милициясынын тергөөчүсү Аскар Мурзалиев билдирди. Анын айтымында, балдардын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чындыкка коошпогону тергөөдө далилденген.

2014-жылы 30-декабрдын түнүндө машина айдап келатып 20 жана 21 жаштагы Акжолбек Арстанбеков менен Муратали уулу Болотбек жол ортосунда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп каза болушкан. Каза болгон жигиттердин жакындары ошол убакта эч кимге дообуз жок деген тил кат жазышып, маркумдарды жерге беришкен. Бирок окуядан үч айдан соң Акжол Арстанбековдун апасы иштин кайра тергелишин Башкы прокуратурадан талап кылган.

6-январда эксгумация жүргүзүлүп, жыйынтыгында Ош облустук соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү мекемесине "жасалма документтерди жасаган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG