Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Баткен: Зарташтыктар дарыянын жээгин бекемдөөнү өтүнүшүүдө


Баткен районунун Зарташ айылынын тургундары айыл четинен агып өткөн Көк дарыясынын жээгин тез арада бекемдөө зарылдыгын айтып кайрылышууда. Жергиликтүү тургундардын “Азаттыкка” айтымында, чек араны бөлүп турган дарыянын 800 метрге жакын бөлүгү катуу агымдагы суу өтпөгөндөй болуп бекемделиши зарыл. Анын 72 метри абдан кооптуу.

Өткөн жылы суу катуу кирип, 100 гектардай эгин талааларын жууп кеткен. Ал эми Өзбекстан суунун чыгыш жээгин дарыянын агымына туруштук бере тургандай кылып бекемдеп койгондуктан, суу нугу улам Кыргызстан тарапка бурулуп жатканын айылдыктар белгилешүүдө.

Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12 млн. сомдой каржат сарптап, суунун 275 метр жээги бекемделген. (JsA)

XS
SM
MD
LG