Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Ставрополдо Түркиядан алынып келинген мандарин жок кылынды


Орусиянын Ставрополь крайынын Айыл чарба продуктуларын көзөмөлдөө башкармалыгы Түркиядан ташылып келинип, Иноземцев аймагындагы соода түйүндөрүндө сатылып жаткан 220 килограммдан ашуун мандаринди жок кылды. “Интерфакстын” маалыматына караганда, мандарин Орусия Түркиядан жашылча-жемиш сатып алууга тыюу салгандан кийин алынып келинген.

2015-жылдын соңунда Орусия Түркиядан азык-түлүк ташууга тыюу салган. Өкмөттүн чечимине ылайык, жаңы жылдан тартып Түркиядан тоок этин, помидор, пияз, капуста, бадыраң, апельсин жана башка продуктуларды ташуу токтотулат.

Түркия-Орусия мамилеси былтыр 24-ноябрда түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөндөн кийин кескин курчуп кеткен. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG