Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Ооган армиясы Тажикстан менен чектешкен районду кайтарып алды


Ооганстандын куралдуу күчтөрү Тажикстан менен чектешкен түндүктөгү районду согушкерлерден кайтарып алышты. Ооган Ички иштер министрлигинин 10-январдагы билдирүүсүндө айтылгандай, полиция, армия жана атайын күчтөр 8-январда Тахар провинциясындагы Даркад чөлкөмүн өз көзөмөлүнө алуу боюнча операцияны башташкан.

Айыгышкан салгылашуулардан кийин район кайтарылды, душмандар оор жоготууларга учурады, - деп билдирди ички мекеме.

Маалыматка караганда, эки күндүк кармашта 20 чакты согушкер жок кылынды, армиянын бир жоокери окко учту.

Талибандын Даркадды ээлеп алышы кошуна Таджикстанга да чоң коркунуч жаратышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылып келген.

XS
SM
MD
LG