Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Чек арада октон жараат алган жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилди


Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен чектешкен “Кеңсай авто жолу" өткөрмө бекетинде октон жараат алган жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.

9-январда аталган аймакта Кыргызстандын төрт жараны такталбаган аймактагы чек араны бойлой өткөн суу өткөрүүчү түтүктү бузууга аракет кылган. Өзбекстандын пайдалануусуна өткөн түтүктү бузуу иштерин токтотууну талап кылган өзбек чек арачыларынын талабынан кийин ортодо чыр чыгып, кошуна өлкөнүн чек арачылары курал колдонгон. Натыйжада Аксынын 32 жаштагы тургуну октон жараат алган. Чек ара кызматынын айтымында, анын абалы азыр канааттандырарлык.

Калган үчөө Жалал-Абад облусундагы чек арачылар тарабынан кармалган. Окуянын себептерин эки тараптын чек арачылары биргелешип иликтешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG