Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

"Пантерадагы" кандуу окуя боюнча он киши кызматтан четтетилди


Улуттук гвардиянын “Пантера” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүгүндөгү кандуу окуяга байланыштуу он киши кызматтан убактылуу четтетилди. Ал эми окуя болгон 714-бөлүктүн башчысы алмашып, полковник Санжар Эркинбаев дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук гвардиянын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалай Мырзабаев билдирди.

28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган жоокер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бирөө ооруканада көз жумган. Үч жолу ок жеген экинчи аскер ооруканадан чыкты. Эми ал аскер госпиталына жөнөтүлөт.

Бишкек гарнизонунун Аскер соту эки сержантты аткан жоокерди үй камагына чыгарган. Башкы көзөмөл органы соттун чечимине каршы экенин билдирип, республикалык Аскер сотуна арызданган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG