Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Орусия каналдарына өзгөчө макам берүү коомдук талкуудан алынып салынды


Орусиянын “Биринчи канал: бүткүл дүйнөлүк желе” жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам берүү боюнча кыргыз-орус макулдашуусу коомдук талкуудан алынып салынды. Өкмөт анткени бул макулдашууну талкууга чыгаруу зарыл эмес экенин билдирүүдө.

Аталган долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ишке ашырмак. Ал эми макулдашуу 6-январда коомдук талкууга коюлган. Өкмөттүн маалымат кызматы аталган министрликтин юристтери макулдашуунун долбоорун сайтка чыгарып, катачылык кетиргени айтылууда.

Мурдарак министрдин орун басары Айнура Темирбекова “Азаттыкка” бул боюнча маек берип, Орусия аталган эки каналдын контенти үчүн жылына үч милилард доллар короторун, башкалар аны сатып алса, Кыргызстанга акысыз көрсөтүшөрүн билдирген. Азырынча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Аталган эки канал Кыргызстандагы санарип системасына кошулган. Учурда өзгөчө макам боюнча макулдашууга кол коюла элек. Жарандык коом муну “Орусиянын саясатын жүргүзүү ыкмасы” деп сындап чыккан. Кыргызстанда буга чейин башка мамлекеттердин телеканалдарына өзгөчө макам берүү болгон эмес. (КE)

XS
SM
MD
LG