Музыканттын Фейсбуктагы расмий баракчасына бир аз мурдараак "18 айдан бери рак оорусу менен алпурушуп келген Дэвид Боуи 10-январда 69 жашында жакындарынын кашында көз жумду" деп жазылды.
Жума күнү, 8-январда Боуи өзүнүн 69 жашын жаңы Blackstar студиялык альбомунун чыгышы менен кошо белгилеген эле. Жаңы жыйнак музыкалык серепчилердин арасында жылуу кабыл алынган.
Боуи акыркы жолу 2006-жылы Нью-Йоркто өткөн кайрымдуулук концертте эл алдында ырдаган болчу.
Дэвид Роберт Джонс (өз аты жөнү) 1947-жылы 8-январда Лондондо жарык дүйнөгө келген. Ал “Боуи” деген каймана атты 60-жылдары колдоно баштаган. Кийинчерээк анын эксперименталдык Space Oddity деген чыгармасы АКШда жана Европада хитке айланган. Чыгарма космосто кайып болгон астронавт майор Томго арналган баллада болчу.
Боуинин дүйнөлүк хитке айланган чыгармалары Let's Dance, Heroes, Under Pressure, Rebel, Rebel, Life on Mars and Suffragette City жана башкалар.
Музыкант бир катар тасмаларга тартылган, алардын арасында калың журтка таанымал тасмалары “Жерге кулап түшкөн адам”, “Артур жана минипуттар”, “Үлгүлүү эргул”, “Престиж” жана башкалар.
Боуи 1992-жылы теги сомалилик, ындыкара француз модели Иман Абдулмаджидге үйлөнгөн. Учурда кызы Захра Джонс 15 жашта. Боуинин мурдагы аялынан 44 жаштагы уулу да бар. (SA)